Былтыр унаа айдаганды үйрөтүүчү 65 мектеп жабылды

Былтыр унаа айдаганды үйрөтүүчү 65 мектеп жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алина Шаикова билдирди. Анын айтымында, республика боюнча 220га жакын айдоочуларды окутуучу мектеп катталган.
Депутаттар өлкөдө жыл сайын 150 миңдей айдоочулук күбөлүгү берилип жатканын ортого салышты. "Бул күбөлүктөрдү Мамлекеттик каттоо кызматы берет, бирок унаа айдаганды атайын мектептер үйрөтөт жана экзамендерди кабыл алат. Ушул мектептер өздөрү эле күбөлүктөрдү беришпейби, анткени күбөлүк берүүдө жашыруун схемалар бар",- дешти депутаттар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан