Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын 2014-жылы жана 2015-жылдын үч айында жарандарга паспортторду жана айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берген фактылары жөнүндө маалыматы угулду. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.
Иш-чарада жарандарга паспорт берүү жаатында бир катар мыйзам бузуулар аныкталганы белгилүү болду.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2014-жылы 42 миң кыргыз жараны аты-жөнүн өзгөрткөн, 6875 адам жеке идентификациялык номерлерин (пин-коддорун) алмаштырган. Алардын арасында бир нече пин-код алып алган адамдар да бар.
Ички иштер министрлиги мыйзамсыз берилген 271 паспорт боюнча тергөө иштери жүрүп, 11 адам камакка алынганын билдирди. Алардын арасында 4-5 жолу паспорт, 2-3 жолу пин-код алган адамдар кездешүүдө. Тергөө жүрүшүндө алар 200 доллардан 1500 долларга чейин пара беришкени аныкталды. Ошондой эле мындай жагдай кылмышкерлерди издеп табууну кыйла татаалдаштыра турганы белгиленди.
Талкуунун жыйынтыгында берилген маалыматты эске алуу менен өкмөткө, Мамлекеттик каттоо кызматына, Ички иштер министрлигине, Социалдык фондго жарандарга паспортторду жана айдоочунун күбөлүктөрүн берүү ишин жөнгө салууну жакшыртуу боюнча ырааттуу иш алып баруу тапшырмасы берилди. Аны менен бирге жарандардын керт башын аныктай турган документтердин мыйзамсыз жорук-жосундарына бөгөт коюу жаатында иштиктүү чараларды көрүү, мыйзамсыз документтерди берүү ишине катышы бар бардык деңгээлдеги кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо тапшырмалары да берилди.