
* Мындан 32 жыл мурун, 1983-жылы Бишкекте азыркы “Ош базары” ачылган. Алгач бул базар 1982-жылы түптөлүп, 1983-жылы ачылып, “Ала-Арча-Ош” деп аталган. 1991-жылы “Ош базары” деп кайрадан түзүлгөн. 1992-1994-жылдар аралыгында базардын соода орундары менчикке сатылган. Учурда базар 5,4 гектар аянтты ээлейт.

* Мындан 215 жыл мурун, 1800-жылы Америка Кошмо Штаттарынын бийлик резиденциясы деп эсептелген Вашингтондогу Ак үйдүн курулушу бүтүп, ага президент
Жон Адамс үй-бүлөсү менен көчүп келген. Бир гана 1789-1797-жылдары Американы башкарган
Жорж Вашингтонду эсепке албаганда, аталган Ак үйдө АКШны жетектеген бардык президенттер жашап өтүшкөн.
Ак үй 6 кабаттан туруп, чыгыш, жашыл, кызыл, көк деген атайын бөлмөлөрдөн турган. Бул бөлмөлөр президент жана биринчи айым үчүн ылайыкталган жана алар ал жерден расмий жолугушууларды өткөрүп турушкан.

* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы америкалык актриса, режиссёр, сценарист жана фотомодель
Анжелина Жоли АКШнын Лос-Анжелес шаарында туулган. Анын атасы 1978-жылы "Үйгө кайтып келүү" аттуу фильминдеги ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган белгилүү актёр Жон Войт, ал эми апасы Марселина Бертран убагында модель болгон. Анжелинанын 2 жашар кезинде ата-энеси ажырашып кетишкен. Ар кандай ушактардан чочулаган апасы Анжелина менен уулу Жеймсти алып, Нью-Йорк шаарына көчүп кетүүгө аргасыз болушкан.
"Оскар", "Алтын глобус" жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси Анжелина Жоли алгач 1982-жылы "В поисках выхода" тасмасына тартылып, кийин "Лара Крофт: Расхитительница гробниц", "Лара Крофт: Расхитительница гробниц. Колыбель жизни" тасмаларындагы ролдору аркылуу атактуулукка жеткен. Актриса 2009, 2011, 2013-жылдары "Forbes" журналынын версиясы боюнча эң көп акча төлөнгөн актриса деп табылган.

* Мындан 29 жыл мурун, 1986-жылы түрк актрисасы
Фахрийе Эвжен Германиянын Золинген шаарында төрөлгөн.
Фахрийе Эвжен биринчи жолу 2005-жылы "Эч качан унутпаңыз" тасмасында дебют жасап, режиссёрлордун көзүнө илине баштаган. Андан соң "Күзгү жалбырактар" сериалына тартылып, дал ушул сериалдан атак алганга жетишкен. Ал "Кайгы", "Алла Таала жолунда", "Сеньора Эрика", "Сен менин үйүмсүң", "Боз торгой" жана башка тасмаларда роль жараткан.