Премьер-министр Темир Сариев 3-июнда Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөттү айылында жайкы туристтик сезонго даярдыктын жүрүшү тууралуу кеңешме өткөрдү. Жыйынтыгында өкмөт жетекчиси аталган маселе боюнча жасалып жаткан иштерге оң баасын бергенин өкмөттөн билдиришти. "Туристтик сезонго даярдык жакшы, өтө чоң иштер жасалган",- деди Сариев.
Жыйында өкмөт башчы Ички иштер министрлигине туристтик сезон маалында тартипти жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу тапшырмасын берди. "Муну менен бирге Ысык-Көл облусундагы кырдаалга жергиликтүү бийлик органдары да жоопкерчилик алышы керек",- дейт премьер.