Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко 3-июнда БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын эксперттери менен жолугушту. ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, тараптар кылмыш, кылмыш-процессуалдык тармакты реформалоого багытталган документтер боюнча пикир алышты.
Никитенко тийиштүү мыйзам долбоорлору парламенттин 4 комитетинде каралып жатканын билдирди.
"Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети бул мыйзам долбоорлорунун топтомун адам укуктарын коргоо максатында карап жатат",- деген депутат Жогорку Кеңеште бардык мыйзамдар экспертизанын 5 түрүнөн өтөрүн кошумчалады.
Эксперттер аталган мыйзам долбоорлору боюнча өздөрүнүн сунуштарын айтышты.