Бактыбек Калмаматов: "Жөнөкөй жарандар үй салуу үчүн 4 сотых жер тилке таба албай жүрүшсө, ишкерлер чоң бактарды кыйып салып, имараттарды куруп жатышат"

"Жөнөкөй жарандар үй салуу үчүн 4 сотых жер тилке таба албай жүрүшсө, ишкерлер чоң бактарды кыйып салып, көп кабаттуу имараттарды куруп жатышат",- деп билдирди депутат Бактыбек Калмаматов. Эл өкүлү бул тууралуу 4-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтып чыкты. Анын айтымында, мыйзамсыз курулуштар эбегейсиз көбөйүп кетти. "Республиканын ар бир аймагында сөзсүз мыйзамсыз курулган имараттар табылат",- деди ал. 
Андан кийин депутат коррупцияга каршы кызматтардын ишинине нааразы пикирин айтты.  
"Бул тармакта коррупциялык схемалар жайнап жатканы жашыруун эмес. Коррупция менен күрөшө турган атайын кызматтарды түздүк. Бул кызматтар коррупциялык схемалардын туткуну болуп калды. Эч нерсени өзгөртө алышкан жок. Өкмөт ушул кызматтарды жакшыраак карап, эгер коррупцияга аралашкандар болсо, аларды колго чабышы керек", - деди Калмаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан