Ыргал Кадыралиева кыргыздардын Орусияда тил боюнча сынак тапшыруусуна каршы

“Кыргызстанда орус тили расмий тил болуп эсептелет, эмне үчүн биздин мигранттар Орусияда орус тилинен сынак тапшырышат?”. Мындай сөздү бүгүн, 21-февралдагы ЖКнын жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева айтты.“Күзүндө Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келди. Эмне үчүн биз ушул маселени сүйлөшө албайбыз? Биздин жарандар бул маселеден кыйналууда” деди Кадыралиева. Депутат айым Дагестан менен Беларусь өлкөлөрүндө кыргыздар орус тили боюнча сынак тапшырбай турганын эске салды. Өз кезегинде өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев “Дагестан Орусиянын курамында, ал эми Беларусь Орусия менен бир союзда” деп жооп берди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан