Кыргыз жергесинде Тажикстандын маданият күндөрү өткөрүлөт

8-13-июнь аралыгында кыргыз жергесинде Тажикстандын маданият күндөрү өткөрүлөт. Анда бир катар маданий иш-чаралар уюшулуп, тажик элинин салттары, маданияты жана искусствосу көрсөтүлөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашкандай, саамалыктын ачылышы 8-июнда Улуттук филармонияда орун алат. 9-14-июнь күндөрү Г.Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде тажик сүрөтчүлөрүнүн эмгектери көргөзмөгө коюлат. Ал эми тажик кинолорун көрсөтүү 10-июнда Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө болору пландалды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
elif
2015-06-04 13:52:09
Sebep?! Birinchi ozubuzdukun uyronup albaylibi? Orustardan kalgan kaldyktardan kutula albay atsak emi bunusu chikti...Kirgiz eline emne paydasi bar?!
+2
bossmos7
2015-06-04 14:15:34
Кыргыздар! Бул нерсе менен маанилуу эч нерсе чечилбейт! Мындай маданият нерселерин токтотуп! Чек ара маселесин чечуу керек!!! Бошошпой! Бул нерселерди откорсок деле ! Кыргыз, тж коншулук мамилеси азыркы учурда он дегенди билдирбейт!
+1
dina
2015-06-04 14:40:29
Ошондо маданият министри да чек ара маселесин мурдун тыгып калабы)))), ар ким өз ишин кылыпатат го дейм... Маданий жактан да карым-катнаш болуп турганы оң эле көрүнүш.
0
Medina87
2015-06-04 15:24:09
Улуттар аралык достукту ар ким оз алдынча тушунот. Башка улуттардын да биздин Кыргыз элиндей кылымдар бою сактап, урпактан урпакка калтырып отурган маданий баалуулуктарына кубо болууда турган эмне бар. Бишкекте болгонумда бармакмын, конул которуп кайтмакмын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан