Эл аралык каржы донору Ош шаарынын коомдук транспортун жакшыртуу үчүн 9,6 миллион евро бөлөт

Жогорку Кеңеш 4-июндагы жыйынында Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарынын коомдук транспортун жакшыртуу долбоору" боюнча гранттык жана кредиттик макулдашуулардын долбоорлору каралып, парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Келишимге ылайык, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы Ош шаарынын коомдук транспортун жакшыртуу үчүн 12 жылдык мөөнөткө 9,6 миллион евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлөт. Каражаттын 5,7 миллиону насыя түрүндө, 3,1 миллиону грант түрүндө болот.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков корпоративдик өнүктүрүү, долбоорду ишке ашыруу, коомдук транспортту жөнгө салууга көмөк көрсөтүү максатында 0,8 миллион евро өлчөмүндөгү техникалык кызматташуу гранты да каржылык жардам катары бериле турганын билдирди.

Каражат троллейбустарды жана автобустарды сатып алуу, троллейбустук инфраструктураны жакшыртуу, жолдо жүрүү билеттерин сатууну жана транспорттук кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууну эсепке алуунун автоматташтырылган жаңы тутумун ишке киргизүү багытында жумшалмакчы. Ош мэриясынын жетекчилиги 20 троллейбус сатып алуу болжолдонуп жатканын айтты.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Нарынбек Молдобаев Нарын шаарынын коомдук транспортун жакшыртыш үчүн ушундай эле шарттагы насыя алуу тууралуу сунуш киргизди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан