Оң рулдуу унааларга кыргыз жеринин эшиги жабылды
Кыргыз мамлекетинде 3-июнда оң рулдуу автоунааларды өлкөгө алып кирүү жана каттоого тыюу салуучу мыйзам күчүнө кирди. Мамлекеттик каттоо кызматынын билдиришинче, акыркы 3 күндө (1-3-июнь күндөрү) Бишкек шаарында оң рулдуу 1585 унаа каттоодон өткөрүлдү. Автоунаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнөн 813 унаа, шаар четиндеги негизги автоунаа базарынан 772 унаа каттоого киргени айтылды. Документке токтолсок:Документти Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 28-январында кабыл алып, президент 26-февралда кол койгон жана мыйзам 3 айдан кийин күчүнө кирери жарыяланган.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" мыйзамдын 21-беренеси коммуналдык чарба, айыл чарбасында жолдорду куруу үчүн арналган транспорт каражаттарын (автокрандарды, автобургулоочуларды, бетон аралаштыргыч, чачып жуугуч машиналарды), кыргыз өкмөтү тарабынан аныкталуучу транспорт каражаттарынын башка түрлөрүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоого, пайдаланууга жол берүү жана жол кыймылына катышуу үчүн алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө пункт менен толукталды.
Болжол менен 15 миңдей каттоодон өтпөгөн унаа бар

Бир ай мурун
оң рулдуу автоунаа сатуу менен алектенгендер президентке, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө кайрылуу жасашып, автоунааларын мыйзамда белгиленген мөөнөттө (2015-жылдын 3-июнуна чейин) жазып-каттоодон өткөрүүгө каршы экенин билдиришкен жана жыл аягына чейин мөөнөт сурашкан эле. "Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн демилгечиси - ИИМдин Жол-кайгуул кызматы мындай чара оң рулдуу автоунаалардын катышуусундагы көптөгөн автокырсыктардын алдын алууга багытталганын айтууда. Катталбаган унааларды каттоодон өткөрүү менен кырсыктар кандайча азайып калары түшүнүксүз. Мамлекеттик каттоо кызматы көпкө чейин так маалымат жана акыркы чечимди айтпай, айып пулун төлөп каалаган убакта каттоодон өткөрүп алууга мүмкүн экенин билдирип келди. Расмий билдирүүнү апрелдин аягында гана жасады",- деп айтылган кайрылууда.
Оң рулдуу автоунаа сатуу менен алектенгендер бир айдын ичинде унааларын каттоодон өткөрүүгө каражаттары жок экенин билдиришкен. Буга чейин өлкөдө каттоодон өткөрүлө элек 20 миңдей оң рулдуу автоунаа бар экени айтылып келген. Борбор шаарды, облус, райондорду кошкондо акыркы күнгө чейин бир нече миңи гана каттоого алынды. Көбүн ээлери каттоодон өткөрүүгө үлгүрүшкөн жок.
Мамлекеттик каттоо кызматы: "Калган көйгөйдү демилгечилер чечишет"

Өлкө аймагына киргизилип, бирок каттоодон өтпөгөн унаалар эмне болот? Бул суроого Мамлекеттик каттоо кызматынын жообу даяр эмес.
"Демилге Жол-кайгуул кызматыныкы, өкмөт жактырган. Биз болгону тапшырманы аткаруучу органбыз. Бир нече айдан бери автоунаа бизнеси менен алектенген ишкерлерге июнга чейин унааларын каттоодон өткөрүшү керектигин эскертип келдик. Калган оң рулдуу унаалардын тагдыры эмне болору бизге да белгисиз. Муну эми демилгечилер чечишет. Балким, каттоо мөөнөтүн кайра узартышат. Бирок биз оң рулдуу автоунааларды каттоону автоматтык түрдө токтоттук",- деп билдиришти мекемеден.
Демилгечилер эмне дешет?
Каттоодон өтпөй калган унаалардын тагдыры эмне болоруна кызыгып мыйзамдын демилгечиси болгон ИИМдин Жол-кайгуул кызматына кайрылдык. Мекеме башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов буларды билдирди:
"Каалайбызбы, каалабайбызбы, мыйзамды сыйлоого баарыбыз милдеттүүбүз. Бажы процедурасынан өтүп, өлкөгө киргизилген автоунааларды каттоодон өткөрүү зарылдыгы көптөн бери айтылып келди. Мыйзамга президенттин кол койгонуна 3 айдан ашты. Автоунаа сатып иштеген жарандарга мүмкүнчүлүк жакшы эле берилди. Эми эмне болот? Мыйзамдуу мамлекетте жашагыбыз келсе, мыйзамга баш ийишибиз керек. Канча оң рулдуу автоунаа каттоодон өтпөй калды, алардын тагдыры эмне болот, таштандыга кетеби же каттатуунун башка жолу барбы, мен айта албайм. Анткени бул биздин милдетибиз эмес, бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы жооп берет. Биздин демилге күчүнө кирди, башкасына жооп бере албайм".
Демилге парламентте кызуу талкууланган. Депутат Данияр Тербишалиев бул көйгөйдү чечүү үстүндө иштеп жатканын айтат.
"Мен мыйзам долбоорун демилгеледим, сунушум парламенттен колдоо тапса, оң рулдуу автоунааларды каттоо мөөнөтү 2016-жылдын 1-январына чейин узартылат. Менимче, туура жолу ушул, азыркыдай кризис маалында ишкерлерге колдоо көрсөтүп турганыбыз оң. Ишкерлер "бизге жарым жыл берсеңер, унааларыбызды сатып бүтөт элек же бир аз акча кылып алып, калганын каттоодон өткөрүп бүтөт элек" дешүүдө. Мөөнөттү узартышыбыз керек. Калган унааларды таштандыга ыргытуу социалдык чыңалуу жаратышы мүмкүн. Дагы бир оңой жолу: өкмөт токтом чыгарып, автоунаа ээлерине айып пул төлөтүү менен каттоону уланта бериши керек",- деп билдирди Тербишалиев.
Азырынча кырдаал ушундай, каттоосуз калган оң рулдуу автоунаалар эмне болорун так айтуу кыйын. Баары убакыттан көз каранды.