Борбор шаарда Ленин РИИБинин оперкызматкерине кылмыш иши козголду

18-февралда Бишкектин Ленин райондук прокуратурасы аталган райондук ИИБинин Ч.Т. аттуу оперкызматкерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, 14-февралда аталган оперкызматкери борбор шаардын Бейшеналиева көчөсүндөгү №31-үйдүн жанынан Мамасадык уулу Б. жана Алыкул уулу А. аттуу жарандардын документтерин текшерип, эч кандай негизсиз эле Ленин РИИБиндеги убактылуу кармоо жайына камап салган. Андан соң кармалган жарандардан 1000 сом акча алып коё бергендиги жабырлануучулардын арызында айтылат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан