"Ош шаарынын коомдук транспортун жакшыртуу долбоору" боюнча гранттык жана кредиттик макулдашуулардын долбоорлору 3 окууда жактырылды

Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарынын коомдук транспортун жакшыртуу долбоору" боюнча гранттык жана кредиттик макулдашуулардын долбоорлорун 3 окууда жактырды. Мындай чечимди депутаттар парламенттин 4-июндагы жыйынында кабыл алышты. 

Келишимге ылайык, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы Ош шаарынын коомдук транспортун жакшыртуу үчүн 12 жылдык мөөнөткө 9,6 миллион евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлөт. Каражаттын 5,7 миллиону насыя түрүндө, 3,1 миллиону грант түрүндө болот. Ал эми долбоорду ишке ашыруу, коомдук транспортту жөнгө салууга көмөк көрсөтүү максатында 0,8 миллион евро өлчөмүндөгү техникалык кызматташуу гранты да каржылык жардам катары берилет

Каражат троллейбустарды жана автобустарды сатып алуу, троллейбустук инфраструктураны жакшыртуу, жолдо жүрүү билеттерин сатууну жана транспорттук кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууну эсепке алуунун автоматташтырылган жаңы тутумун ишке киргизүү багытында жумшалмакчы. Ош мэриясынын жетекчилиги 20 троллейбус сатып алуу болжолдонуп жатканы айтылды. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан