20-февралда акыйкатчы Турсунбек Акун Нарын облусундагы С.Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Анда аталган окуу жайдын мугалимдер жамааты жана студенттер Акунду экинчи мөөнөткө акыйкатчы болуп шайланышы менен куттукташып, "Кумтөр", кыз ала качуу, адам укугу боюнча көптөгөн суроолорду берип, жоопторду алышты. Бул маалыматты акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.
Турсунбек Акун аталган облустагы иш сапарынын алкагында көптөгөгөн мекемелерде болуп жолугушууларды өткөрдү жана орчундуу маселелер боюнча пикирин айтты.
Ошондой эле Турсунбек Акунга облус жетекчилиги тарабынан «Нарын облусунун ардактуу атуулу» деген наам ыйгарылды.