4-июнда айыл жана суу чарба министри
Таалайбек Айдаралиев Шинжан-Уйгур автономдуу облусунун Тышкы соода-экономикалык корпорациясынын
Ян Ли мырза баштаган өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Кытайлык компаниянын өкүлдөрү "кыргыз мамлекетинде бош жаткан кайрак жана керексиз жерлерди алып, өздөштүрөбүз" деген сунушун айтып, ал үчүн 100 миң гектар аянт сурады. Алар Шинжан-Уйгур автономдуу облусуна тоют жетпей жатканын билдиришти. "Биз ал жерге беде айдап, тоют жыйнамакпыз. Муну менен жердин сапатын жакшыртабыз, экинчиден, өзүбүз жаңы техникаларды алып келебиз",- деди корпорация жетекчиси Ян Ли.
Министр Таалайбек Айдаралиев республикада жерлердин 80 пайызы жеке адамдарга бөлүнүп берилгенин, мамлекеттин фондунда болгону 20 пайызга жетпеген жер бар экенин айтты. Мындан улам министр "жер иштетүү үчүн жергиликтүү эл менен келишим түзүп, биргелешкен ишканаларды ачып иштесе болот" деп кеңеш берди. "Бизде керексиз жерлер жок, андай болушу да мүмкүн эмес. Анын үстүнө бир эле аймактан 100 миң гектар аянт чыкпайт. Нарын, Талас, Ысык-Көлдөн 30 миң гектар жер аянттары чыгышы мүмкүн. Сиздер ошол жерлерди барып көрүңүздөр",- деди Айдаралиев. Тараптардын пикиринде, эгер бул сунуш ишке ашса, киреше тең бөлүнүшү керек.
Ошондой эле министр кыргыз мамлекетинде инвестициялык климат өтө жагымдуу экенин, айыл чарба тармагына инвестиция салып иштегендер ар кандай салыктардан бошотулганын белгиледи.