19-февралда Ош облустук прокуратурасы “Ош электр” ишканасына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы иликтөө учурунда аталган ишкана Кара-Суу районунун электр жарыгына болгон 31 миллион 884 миң 303 сомдук карызын мыйзамсыз түрдө жокко чыгарып салган. Бул аракеттер боюнча шаардык прокуратура "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "документтерди жасоо" жана "шалаакылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери улантылып жатканы маалымдалды.