22-февралга карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат

22-февралда республиканын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын болушу күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:

Чүй облусунда күндүз 0…+5°C, түнкүсүн -1...-6°C,

Талас облусунда күндүз 0…+5°C, түнкүсүн -3...-8°C, 

Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +5…+10°C, түнкүсүн -3...+2°C,

Баткен облусунда күндүз +2…+7°C, түнкүсүн -3...+2°C,  

Ысык-Көл облусунда күндүз -2…+3°C, түнкүсүн -4...-9°C, 

Нарын облусунда күндүз -3…-8°C, түнкүсүн -12...-17°C, 

Бишкек шаарында күндүз +2...+4°C, түнкүсүн -2...-4°C. Борбор калаада мезгил-мезгили менен жаан жаайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан