23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Коргоо министрлигинин Аскер институтунда мектеп окуучуларынын арасында “Эр жигит” аттуу сынак өттү. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чаранын катышуучулары “Аскерлердин тизилүүсү”, “Күчтүүлөр”, “Жардам көрсөтүү”, “Аскерлердин кийими”, “Жаш курал атуучу”, “Дубал гезити”, “Куралды топтоо” тапшырмалары боюнча ат салышты. Сынактын жыйынтыгында шаардагы №26-мектептин окуучулары биринчиликти алышты. Ал эми экинчиликке №73-мектеп, үчүнчү орунга №3-мектептин окуучулары ээ болушту.