
* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы эстрада жана фольклор ырчысы
Токтобек Асаналиев Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. Мектептен кийин Улуттук филармониянын алдындагы 2 жылдык студияны, Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтун, Улуттук консерваторияны аяктаган. Токтобек Асаналиев "Боогачың сенин болоюн", "Жаштарга", "Асылзатым" деген сыяктуу ырлары менен эл оозуна алынган.

* Мындан 130 жыл мурун, 1885-жылы франциялык химик жана микробиолог
Луи Пастер тарабынан дүйнөдө алгачкы жолу кутурма оорусуна каршы вакцина ийгиликтүү колдонулган. Вакцинаны ойлоп табуусуна эки окуя себеп болгон делет. Алгач Луи Пастер кутурмага чалдыккан жаш баланы айыктыруу максатында элдик дарыгердин ысык темир басканын көрүп, балага жаны ачып, кайгырган. Кийинки ирет тааныш мал доктурдун кутурма оорусунан көз жумганы Луи Пастердин вакцина ойлоп табуусуна себеп болгон.

* Мындан 29 жыл мурун, 1986-жылы түштүк кореялык актёр жана ырчы
Ким Хён Жун Сеулда туулган. Хён Жун тасмага келерден мурун, 2005-жылы беш жигиттен турган “SS501” ырчылар тобун негиздеген. Актёрдун тартылган тасмалары: “Мыкты жигиттер”, “Күлкүлүү өбүшүү”, “Бийиктерге жете кыялдан” ж.б.

* Мындан 20 жыл мурун, 1995-жылы советтик жана америкалык комедия актёру
Савелий Крамаров Сан-Францискодогу ооруканалардын биринде 60 жаш курагында оор дарттан улам каза болгон. Савелий Крамаров 1934-жылы 13-октябрда Москвада туулган. Актёр "Кармалбас өч алуучулар" ("Неуловимые мстители"), "Ийгиликтин мырзалары" ("Джентльмены удачи"), "Иван Васильевич кесибин өзгөртөт" ("Иван Васильевич меняет профессию ") тасмаларындагы кайталангыс ролдору аркылуу белгилүү болгон.