
* Мындан 82 жыл мурун, 1933-жылы кыргыз элинин биринчи агартуучу-илимпозу, алгачкы алиппенин автору, улут алфавитинин уңгусун түзүп, жазма маданиятыбызды калыптандыргандардын бири
Ишеналы Арабаев Ташкент түрмөсүнөн каза болгон.
XX кылымдын башындагы биринчи кыргыз мугалими Ишеналы Арабаев 1933-жылы 11-майда “улутчул” деген жалган жалаа менен камакка алынып, каза болсо, 1958-жылы толугу менен акталган.

* Мындан 42 жыл мурун, 1973-жылы ырчы
Гүлзат Батырканова Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Кетмен-Төбө айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук университетине тапшырып, журналистика факультетин бүтүргөн.
Ырчынын репертуарындагы ырлары: "Карай берем", "Өмүр жазым", "Жүрөлүчү эскерип", "Айта көрбө" ж.б. Акыркы мезгилде телеканалдардын бириндеги “Сармерден” шоу-программасында алып баруучу болуп эмгектенип жүргөн.
Гүлзат Батырканова 2015-жылдын 2-январында жол кырсыгынан каза болуп, сөөгү Кызыл-Дыйкан айылына коюлган.

* Мындан 75 жыл мурун, 1940-жылы Ливиянын саясий жана аскерий ишмери
Муаммар Каддафи туулган. Көпчүлүк биографтар Муаммар Каддафини 1940-жылы туулган дешсе, өзү 1942-жылы Сирт шаарынан 30 чакырым аралыкта жайгашкан бедуиндин (көчмөн) алачыгында төрөлгөнүн айтып келген. Анын толук аты - Муаммар бен Мухаммад Абу Меньяр Абдель Салам бен Хамид аль-Каддафи. Ал эми 2011-жылдын 20-октябрында Муаммар Каддафи Өткөөл улуттук кеңештин күчтөрү тарабынан колго түшүрүлүп, өлтүрүлгөн.

* Мындан 34 жыл мурун, 1981-жылы орусиялык теннисчи жана фотомодель
Анна Курникова Москвада туулган. Анна Курникова 5 жашка толгондо үй-бүлөсү менен Америкага көчүп, Нико Больеттеринин теннис академиясына кирген. Анна 14 жашында профессионал теннисчиге айланып, Федерациялар Кубогунда Орусия курама командасынын намысын коргой баштаган. Анда жеңишке жетишип, “Мелдештин эң жаш катышуучусу жана жеңүүчүсү” аталган. 1999-2000-жылдары Мартина Хингис менен биргеликте Чоң шлем түркүмүндөгү Австралиянын Ачык биринчилигин жуптукта удаасы менен уткан. 2003-жылы алган жаракатынан улам спорттогу чыйырына чекит койгон.
Аннанын спортту таштоосу анын көңүл ачуу индустриясында жана жарнамалык бизнес тармагында жолун ачкан. Курникова “People” басылмасы тарабынан 1998, 2000, 2002, 2003-жылдары дүйнөнүн эң сулуу 50 адамынын ичине киргизилген. 2002-жылы “FHM” журналынын окурмандарынын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо ал эң сексуалдуу 100 айымдан турган тизмени жетектеген.
6 жылдык профессионалдык карьерасында чоң теннистен 3 миллион 584 662 доллар иштеп тапкан.