
* Мындан 81 жыл мурун, 1934-жылы эң алгачкы жолу ПО-2 учагы ушул күндүн таңында Фрунзеден Нарынга багыт алган. Учкучтар бийик тоолуу Нарынга жетүү үчүн Балыкчы аркылуу кеткен аба жолун тандашып, Нарынга ийгиликтүү конушкан. Учкучтар Кыргыз обкомуна "Фрунзе-Нарын аба жолу ачылды" деп рапорт беришкен. Ошентип, тоолуу аймакты борбор менен байланыштырган аба жолу ишке киргизилип, тоолуу районго медициналык жардам көрсөтүү, илим-билим жана маданий багыттагы байланыштар ыкчамдаган.

* Мындан 229 жыл мурун, 1786-жылы Нью-Йоркто балмуздак алгачкы жолу сатыкка чыккан. Айрым маалыматтар боюнча, бул десерт адамзаттын жашоосунда эбак эле пайда болгон. Алгачкы балмуздак Байыркы Кытайда 5 миң жыл мурун пайда болуп, кытайлыктар апельсиндин, лимондун кесимдерин, анарды кар жана музга аралаштырып жешкен. Рецепттери жана аны сактоо ыкмалары сыр болуп, биздин заманга чейин II кылымда гана "Ши-кинг" китебинде ачыкталган.

* Мындан 191 жыл мурун, 1824-жылы канадалык
Ноа Кашинг алгачкы кир жуугуч машинаны патенттеген. Ал жасаган кир жуугуч машинаны колдун күчү менен иштетишкен жана ал азыркы кофе майдалоочу аппаратка окшош болгон.
* Мындан 33 жыл мурун, 1982-жылы Бразилиянын Форталеза шаарынын аэропортуна конордо Боинг-727-212Ф учагы бакка урунуп, андан соң тоону сүзүп жарылып кеткен. Учакта болгон 137 кишинин баары көз жумган.