Жалал-Абад облусунда оор кылмышка шектүү жаран кармалганын аталган облустун ички иштер башкармалыгы билдирди. Кармалган жаран Базар-Коргон районунун 31 жаштагы тургуну Н.Д. экендиги белгилүү болду. Ал 13-февраль күнү аталган райондун тургуну, 15 жаштагы С.А. аттуу өспүрүм кызды өлтүрүү кылмышы боюнча айыпталууда.
Кылмышка шектүү жаран учурда убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери жүрүп жатканын билдирет Жалал-Абад ОИИБи.