6-июнда Малайзияга кыргыз жеринен сапар алышкан кыргыз эстрада жылдыздары Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Калыков, Асел Кадырбекова, “тамашоучулар” Эмил Эсеналиев, Самат Эркинбек уулу жана тажрыйба жыйнап келүү үчүн кеткен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бүгүн эртең менен аталган өлкөгө жетип барышты. Делегация КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов менен жылуу маанайда жолугушту.
Айта кетсек, кыргыз делегациясы туризм тармагынын бир катар объектилерин көрмөкчү. Ошондой эле журналисттер Куала-Лумпурда болуп, Малайзиянын маданияты жана салттары менен таанышып, айтылуу Лангкави аралына да барышат.
Сапар алкагында кыргыз өлкөсүнүн жана Малайзиянын журналисттери өз ара тажрыйба алмашып, керектүү делинген байланыштарды түзө алышат. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги кыргыз журналисттери менен Малайзиянын алдынкы ММКларынын ("The Star" медиатобу жана башкалар) жолугушуусун уюштурат. Ошондой эле ырчылар жана “тамашоучулар” ал жактагы мекендештерге атайын концерт коюп, маданий иш-чараларды өткөрүшөт.
Ал эми каржылык чыгымдарды толугу менен КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов эки өлкөнүн карым-катнашын өнүктүрүү максатында өз моюнуна алды. Элчинин айтымында, маданий-маалыматтык кызматташуу экономикалык катнаштын өнүгүүсүнө өбөлгө болот.