Биз социалдык тармакта

Месси, Неймар жана Роналду Чемпиондор Лигасынын башкы бомбардири болушту

6-июнь түнү Европадагы эң ири клубдар аралык мелдеш - УЕФАнын Чемпиондор Лигасы жыйынтыкталды. Бул күнү мелдештин "Барселонанын" чемпиондугуна катар дагы бир маанилүү учур катталды. Анда мелдештин бул сезондогу мыкты бомбардирлери аныкталды. Беттештин жыйынтыгында башкы бомбардир катары сыйлыкты 3 футболчу алмай болду. Алар: "Барсанын" оюнчулары Лионель Месси, Неймар жана "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналду. Месси менен Роналду 10дон голду буга чейин эле киргизген болсо, Неймар 10-голун финалдык беттеште жаратты. 

Төмөндө мелдештин башкы бомбардирлерине көз салсаңыз болот: 

10 гол – Криштиану Роналду (“Реал”), Лионель Месси (“Барселона”), Неймар (“Барселона”).

9 гол - Луис Адриано (“Шахтёр”).

7 гол - Жексон Мартинес (“Порту”), Томас Мюллер (“Бавария”), Луис Суарес (“Барселона”), Карлос Тевес (“Ювентус”).

6 гол - Серхио Агуэро (“Манчестер Сити”), Карим Бензема (“Реал”), Эдинсон Каван (ПСЖ), Роберт Левандовски (“Бавария”).

5 гол - Ясин Браими (“Порту”), Марио Манжукич (“Атлетико”), Альваро Мората (“Ювентус”), Клаас-Ян Хунтелар (“Шальке”).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
dastan_nookat
2015-06-08 09:00:43
Алга Футболчулар!
+1
Dodon
2015-06-08 09:58:17
Месси алатго быйыл
+1
Bors
2015-06-08 12:53:10
Эгер Реал Мадрид чыканда финалга соз жок Рональдо 2-3 гол артыкчылык кылмак экоонон.
0
karona
2015-06-08 17:33:09
Месси кучтуу оюнчу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан