Ош. “Ант-2013” аттуу фестиваль болду

21-февралда Ош шаардык Жаштар комитетинин демилгеси менен шаардагы "Бабур" театрында 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата “Ант-2013” аттуу фестиваль болду.  Фестиваль сынак түрүндө өтүп, облустагы куралдуу күчтөр тармагынан 6 команда ат салышты. Алар “Түштүк аймактык аскердик бөлүмү”, “Илбирс” атайын даярдыктагы аскерлер бөлүмү, “Ичик аскерлер бөлүмү”, “Ош облустук ИИБи”, “Ош шаардык ИИБи” жана “Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин командасы”. Соңунда баш байгени "Түштүк аймактык аскердик бөлүмү" илип кетти. “Сынактын максаты - Ош шаарындагы куралдуу күчтөр кызматкерлерине аз да болсо майрамдык шаң уюштуруп, аларга түрткү берүү. Бул сынак Ош облусунда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Мындан ары жыл сайын өткөрөбүз”,- дейт уюштуруучулардын бири Элдияр Кадыркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан