Премьер-министр Темир Сариев 6-июнь күнү Бишкек шаарындагы бир катар жолдордогу куруу жана оңдоо иштери менен таанышты. Анын жүрүшүндө өкмөт башчы жолдордун сапатын текшерип, шаар жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Темир Сариев борбор калаадагы жолдордун абалын жакшыртуу өкмөттүн негизги максаттарынын бири экенин белгилеп, бул үчүн бюджеттен кошумча каржы булактары табууга бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирди: “Шаардыктар үчүн эң алгачкы шарт катары жолдор оңдолушу зарыл. Борбор шаарыбыздагы жолдордун начар абалда болгону уят иш. Ошондуктан учурда курулуп жана оңдолуп жаткан жолдор сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү зарыл”. Ошондой эле премьер-министр мурда шаардагы жолдордун оңдолбогонуна жоопкерчиликтин жок болгону себеп болгону, мындан соң мэрия алдындагы атайын ишкана жолдордун оңдолушуна жана сапатына жооп берерин билдирди.
Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов премьер-министрдин тапшырмасын аткаруу үчүн муниципалдык "Бишкек асфальт сервис" ишканасы өзгөртүлүп кайрадан түзүлүп жатканын билдирди. Аталган ишкана шаардагы жолдорду оңдоо жана сапатын текшерүү үчүн жоопкерчиликтүү болот.
Премьер-министр Бишкектин мэриясына капиталдык оңдоодон өтүп жаткан Ауэзов, Жукеев-Пудовкин жана Махатма Ганди көчөлөрүн 2015-жылдын сентябрь айына чейин бүткөрүү тапшырмасын берди. Темир Сариев ошондой эле шаарда коомдук транспорт маселеси көйгөйгө айланганын билдирип, муну чечүү үчүн мэрия атайын программа иштеп чыкканын кабарлады. “Учурда көчөлөрдөгү унаа тыгындары калаа тургундары үчүн көйгөйгө айланууда. Муну чечүү үчүн атайын тапшырма берилип, мэрия атайын программа иштеп чыкты. Анын алкагында биринчи кезекте шаардын борбордук бөлүгүндө кичи автобустардын ордуна газ менен жүрө турган көп орундуу автобустар сатылып келинмекчи. Бул, биринчиден, коомдук транспорт маселесин чечүүгө өбөлгө, экинчиден, экология үчүн зыянсыз, үчүнчүдөн, жол кире акысынын арзан болушуна шарт түзөт”,- деп билдирди өкмөт башчы.
Муну менен катар Т.Сариев Бишкектеги тазалык маселесине көңүл бурду. Премьер-министр шаардагы тазалыкты сактоодо мэрия менен катар шаар тургундарынын да жоопкерчилиги чоң экенин белгиледи. “Шаар тазалыгы бир эле тазалаган адамдан эмес, ар бир үйдөн, ар бир көчөдөн башталат. Ар бир адам өзүнө тиешелүү жерди таза кармап, жоопкерчиликтүү мамиле кылганда гана биз таза шаарда жашайбыз”,- деди ал.
Жолдордогу оңдоо иштери менен таанышууну жыйынтыктап жатып премьер-министр мындай текшерүү үзгүлтүксүз түрдө уланарын жана жетекчилерге талап дагы күчөтүлөрүн эскертти.
Айта кетсек, Сариев май айынын башында Бишкектин жолдорунун курулушун көзөмөлгө алып, жума сайын кыдырып турарын билдирген.