ЖКда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча макулдашуу ратификацияланды

21-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында КРнын Өкмөтү менен Орусия Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Жогорку-Нарын ГЭС каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана пайдаланууга берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Келишимге ылайык, Нарын дарыясына 8 ГЭС курулат. Алардын курулушуна сарпталчу чыгымды Орусия өзү табат. ГЭСтин 50 пайыз үлүшүнө Кыргызстан, 50 пайызына Орусия ээлик кылып, ГЭС өзүн актаганга чейин Кыргызстан өз үлүшүнүн 25 пайызын орус тараптын башкаруусуна берип турмакчы.Талкуу жыйынтыгында бул макулдашуу ратификацияланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан