Кыргызстандык Тимур Файзуллин Азия Футбол федерациясынын чемпиондор Лигасынын мелдешине калыс катары катышат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирди. Маалым болгондой, мелдеш 23-апрелде Ирандын Тегеран шаарында өтмөкчү. Ал эми Файзуллин Ирандын “Эстеглал” жана Катардын “Аль-Райан” командаларынын оюнунда калыстык кылат.