Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү үчүн Евразия өнүктүрүү банкы 100 миллион доллар бөлөт

8-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан 100 миллион доллар насыя алуу боюнча макулдашуунун долбоорун жактырды.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин берген маалыматына караганда, бул долбоор өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына карай жасалган кадамдардын бири болуп саналат. Долбоордун алкагында Токтогул ГЭСинин жабдууларын жаңыртуудан тышкары өлкөнүн энегетика тармагын андан ары өнүктүрүү жаатында бир катар документтердин долбоору иштелип чыгат.

“Токтогул ГЭСинин жабдуулары 40 жылдан бери алмаштыруусуз иштетилип келгендиктен, моралдык жана техникалык жактан эбак эле эскирип бүткөн. ГЭСти калыбына келтирүүнүн II фазаcын 2 агрегат, III фазасында дагы 2 агрегаты алмаштырылат. Учурда 4 агрегат 1200 мегаватт электр кубатын иштеп чыгып жатса, оңдолгондон кийин анын кубаты 1440 мегаваттка чейин жетет",- дейт энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев.

Долбоордун эки фазасынын жалпы каржысы 250 миллион долларды түзүп, анын 110 миллион доллары Азия өнүктүрүү банкы тарабынан, 100 миллион доллары Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнсө, калган 40 миллион доллары кыргыз мамлекетинин салымы болуп саналат. Насыя каражаты 32 жылдык мөөнөткө 1 жана 1,5 пайыздуу үстөк менен берилүүдө.

Депутаттар насыя каражатын өз багытында жана сарамжалдуу пайдалануу талабын коюшту. Ошондой эле эл аралык каржы донорлорунан кайра-кайра карыз алып отурбай, Токтогул ГЭСин бара-бара өзүн өзү камсыздай алган абалга жеткирүү чараларын көрүү сунушу берилди.

Экинчи инвестициялык абалды жакшыртуу программасынын 1-программачасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашуунун долбоору да жактырылды. Экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, бул келишимге ылайык, Азия өнүктүрүү банкы республикалык бюджетти бекемдөө үчүн 20 миллион доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлүүдө. Ал бюджет тартыштыгын жабууга жумшалмакчы.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан