Токмок шаарынын суу жабдууларын жакшыртуу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан насыя алынат

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 8-июнда "Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын калыбына келтирүү боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү" мыйзам долбоорун жактырды.

Келишимге ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Токмок шаарын таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу багытында 4,2 миллион доллар гранттык каражат жана 2 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлөт. Насыяны Токмок шаарынын мэриясынын “Токмок суу-канал” муниципалдык ишканасы төлөп берүүгө тийиш. Мэрия жетекчилиги насыялык каражатты актоо максатында шаардык кеңештин макулдугу менен суунун тарифи 20 пайызга кымбаттатылганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан