Жылнаама, 9-июнь: Мындан 52 жыл мурун америкалык актёр Жонни Депп туулган

* Мындан 52 жыл мурун, 1963-жылы атактуу америкалык актёр Жонни Депп Американын Овесборо аттуу шаарчасында туулган. Музыканы жан дили менен сүйгөн өспүрүмдүн алгач актёр болом деген ою жок эле. Кийин эмнеден улам экени белгисиз, актёрлук кесипке ыктап кеткен. Жонни Депп “Турист”, “Кариб деңизинин каракчылары” сыяктуу тасмалар аркылуу атактуулукка жеткен.
 
* Мындан 34 жыл мурун, 1981-жылы америкалык актриса Натали Портман Израилдин Иерусалим шаарында туулган. Ал Гарвард университетинин актёрдук бөлүмүн аяктаган. Жалпысынан 40тай тасмага тартылган. Наталинин ата-энеси молдовалыктар болгон. Атасы – дарыгер, энеси – сүрөтчү. Кичинекей Натали хореография менен муз үстүндө бий­лөөгө кызыкчу. 11 жашында аны моделдер агенттигине чакырышкан, бирок Портман башынан эле актриса болууну самаган. Актрисанын тушоосун Люк Бессон кескен. “Леон” – Наталинин актрисалык кесибинин баштапкы кадамы. Бул тасмага тартыларда Наталинин ата-энеси “уят болбойлу” дегенсип кызына чоң энесинин фамилиясын беришкен. Ошентип, Натали Хершлаг Натали Портманга айланган. 
Бул тасманын аркасы менен тез аранын ичинде популярдуу болгон актрисага дароо жаңы сунуштар түшө баштайт. “Леондон” күүлөнүп алган Портман “Алышуу” деген кийинки тасмасында Роберт Де Ниро жана Аль Пачино сындуу улуу актёрлор менен бирге тартылган. Андан ары да токтоно албай, жылына 2 киного тартылууга жетишип, Жулия Робертс, Дрю Берримор сыяктуу белгилүү актрисалар менен чогуу иштешкен. Атактуу “Жылдыздар согушу” бешилтиги да Наталиге чоң ийгилик алып келген. Мында ал Амидала ханышайымдын ролун аткарганы менен бүткүл дүйнөгө таанылган.
* Мындан 31 жыл мурун, 1984-жылы күчтүү куюн Орусиянын бир нече облусунда ири кыйроолорго алып келген. 69 киши өлүп, 800дөн ашуун адам жаракат алган. 
* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы Пакистандын Пешавар шаарындагы "Pearl Continental" мейманканасында жардыруу болуп, 17 адам өлүп, 46 киши жаракат алган.
9-июнда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан