Бишкекте Тажикстандын маданият жумалыгынын алкагында сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 9-июнда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Тажикстандын маданият жумалыгынын алкагында сүрөт көргөзмөсү ачылды. Ага Тажик Республикасынын 17 белгилүү көркөм сүрөт жана фотосүрөтчүсүнүн 140тан ашык эмгектери коюлган. Иш-чара тажик артисттеринин музыкалык программасы менен башталып, тажик кыздарынын улуттук кийимдеринин көргөзмөсү менен коштолду. Маданий кеченин катышуучуларына тажик уздарынын кол эмгектери арзан баада сатылып жатат. Көргөзмө 14-июнга чейин уланат.   

Эскерте кетсек, Бишкекте 7-14-июнь күндөрү Тажикстандын маданият жумалыгы өтүүдө. Ал кечээ Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда салтанаттуу турдө концерт менен башталды. Маданият күндөрүнүн алкагында тажик артисттери Чүй облусунун Кара-Балта жана башка шаарларын кыдырышат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан