Ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларды өкмөттүн макулдугу менен гана өткөрүүгө жол берүү демилгеленди

Эми республика аймагында ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүүгө өкмөттүн макулдугу менен гана жол берилет. Мындай түзөтүү сунушталган мыйзам долбоору бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында каралып, жактырылды.

1-окуудагы “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору боюнча Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов баяндама жасады.

Баяндамага ылайык, мыйзам долбоору аркылуу мурда аныкталган министрликтер менен ведомстволорго жүктөлгөн иш-милдеттер кайра иреттелип, өкмөткө жүктөлүүдө. Долбоорго киргизилип жаткан жаңы ченемге жараша Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлгөн чемпиондуктардын, биринчиликтердин же спартакиадалардын ачылыш аземинде бир гана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жаңырышы милдеттүү атрибут болуп саналат. Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын аймагына ири масштабдагы спорттук массалык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык жөнүндө эл аралык уюмдарга расмий арыз берүүгө өкмөттүн макулдугу менен гана жол берилет. Ошону менен катар интеллектуалдык жана башка спорттун кооптуу эмес түрлөрү боюнча кыска убакыт аралыгында окуу курстарын бүткөн адамдарга окуу-машыгуу сабактарын жүргүзүүгө уруксат берген норма каралган.

Талкууда комитет мүчөлөрү мыйзам долбоору менен спорттук иш-чараларды өткөрүү тартипке салынып жаткандыгын белгилеп, мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечимин кабыл алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан