Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, филология илимдеринин доктору, академик Абдылдажан Акматалиев Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына көрсөтүлдү. Акматалиевди аталган сыйлыкка көрсөтүү маселеси бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында каралды. Жыйында Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов академик А.Акматалиевдин улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу 30дай китептин, 400дөй макаланын автору экендигине токтолду. Маалыматка ылайык, анын эмгектери орус, казак, англис, француз, кытай, немец, испан, түрк тилдеринде жарыяланган. Анын илимий эмгектери кыргыз элинин көркөм сөз өнөрүнүн жана жалпы түрк адабият мурастарынын актуалдуу маселелерине, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына, анын дүйнөлүк ролуна, түрк элдеринин адабияттарынын өз ара байланышына, улуттук көркөм дөөлөттөрдүн маани-маңызын ачууга, адабияттын өзөктүү теориялык жана практикалык орчундуу маселелерине арналган. Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев: “Анын эмгекчилдиги, эрудициясы көпчүлүктү таң калтырат. Ал нукура Айтматов таануучу катары аталган сыйлыкка татыктуу, А.Акматалиев - эң жаш академиктердин бири”,- деп айтты.
Жыйынтыгында аталган маселе комитеттин колдоосуна ээ болду.