Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 9-июндагы жыйынында "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун 3-окууда талкуулады.
Мыйзам долбоору жеке жана юридикалык жактардын банктык аманаттарынын сакталышын жакшыртууга, депозиттик каражаттарды төлөп берүү тартибин ыраатташтырууга багытталган. Долбоор жеке жана юридикалык жактардын банктык аманаттарынын сакталышына берилүүчү кепилдиктерди бекемдөө максатында иштелип чыккан. Эгер банк ар кандай тобокелчиликтерден же каржылык каатчылыктардан улам кудуретсиз болуп калса, ал жарандардын же юридикалык жактардын депозиттик каражаттарын төлөп берүүгө тийиш. Андан сырткары депозиттерди төлөө мөөнөтү азыр 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартылууда.
Мыйзам долбоору 3-окууда Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.