Ош. ОшМУда дипломатиялык кызматкерлердин күнүнө карата иш-чара өттү

Ош мамлекеттик университетинде дипломатиялык кызматкерлердин күнүнө арналган салтанаттуу азем өттү. Иш-чарага Орусиянын Ош шаарындагы консулу Сергей Барсуков, Казакстандын Ош шаарындагы консулу Мукан Маделханов, ЕККУнун жергиликтүү бюросунун жетекчиси Грациелла Повани, БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын түштүк аймагы боюнча координатору Мира Субанкулова жана КРнын Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Артыкбаев катышты. Салтанаттын жүрүшүндө: “Студенттер арасындагы дипломатиялык кызматтарды өнүктүрүү максатында биз Кытай, Түркия, Орусия, Казакстан, АКШ, Евробиримдиктин бир топ окуу жайлары менен ар түрдүү долбоорлору боюнча абдан тыгыз кызматташып жатабыз. Азыр баштаган долбоорлор мезгил өтүп өз жемишин берет деген ойдомун”,- деп билдирди ОшМУнун ректору Каныбек Исаков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан