
* Мындан 75 жыл мурун, 1940-жылы кыргыз өлкөсүнүн алгачкы сексопатологу, Саламаттыкты сактоонун отличниги, “Эки жүрөк – бир сүйүү” аталышындагы сексопатология боюнча алгачкы китептин автору, медицина кызматынын подполковниги, медицинадагы ишмердиги үчүн 7 медалдын ээси
Күлчоро Аскаров Токтогул өрөөнүндөгү Үч-Терек айылында туулган.
Мединститутту бүткөн соң ГДРде 5 жыл аскердик врач болуп иштеген. Кыргыз өлкөсүнө келген соң мединституттун аскердик кафедрасында пенсияга чыккыча иштеген. Пенсияга чыгары менен Украинанын Харьков шаарынан сексопатология боюнча курстан окуп келип, сексопатология боюнча кыргыз жеринде иш алып бара баштаган. “Эки жүрөк – бир сүйүү” аттуу китеби эркек менен аялдын ортосундагы элге айтылгыс төшөк маданиятына арналган.
Күлчоро Аскаров 2007-жылы 4-июнда каза болгон.

* Мындан 65 жыл мурун, 1950-жылы 5-чакырылыштагы КСДП фракциясынан ЖКнын депутаты
Исмаил Исаков Ош облусундагы Алай районунун Сопу-Коргон айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1973-жылы Ташкенттеги В.И.Ленин атындагы жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын, 1978-жылы Марксизм-ленинизм кечки университетин (Кечкемет ш., Венгрия), 1984-жылы М.В.Фрунзе атындагы Аскердик академияны (Москва ш.), 1989-жылы “Выстрел” жогорку офицердик курсун (Солнечногорск ш., РФ), 1996-жылы Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик академиясын (Москва ш.), 1998-жылы Эл аралык гуманитардык укук институтун (Сан-Ремо ш., Италия) жалпы аскердик командалык, жөө аскерлердин күжүрмөн машиналарын, бронетранспортёрлорун жана автомобилдерин эксплуатациялоо, командалык-штабдык, оперативдүү-тактикалык, мамлекеттин аскердик коопсуздугу, куралдуу чыр-чатактар укугу адистиктери боюнча бүтүргөн.
2010-жылдын октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү.

* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы ЖКнын депутаты, ишкер
Жыргалбек Сурабалдиев чак түштө белгисиз адамдар тарабынан борбор шаардын так ортосунда атылган. Парламент депутатынын өмүрү Орус драма театры, "Илим" борбору жана Жантөшев атындагы китепкана орун алган маданий борбордо кыйылган.

* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы кыргыз элинин сыймыгы, улуу жазуучу
Чыңгыз Айтматов Германиянын Нюренберг шаарынын ооруканаларынын биринде пневмония оорусунан дүйнө салган.
Ошол жылдын 16-майында Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучу ооруканага жеткирилген. 2008-жыл – Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланып, туулган күнүндө белгиленмек болуп, тилекке каршы, жазуучунун көзү өтүп кеткендигине байланыштуу бул ой ишке ашпай калган.
* Мындан 222 жыл мурун, 1793-жылы АКШнын жаңы борбору деп Вашингтон жарыяланган. Америкадагы көтөрүлүштөн кийин көптөгөн штаттар жана шаарлар борборду өзүлөрүнүн аймагына курууну каалашкан. Жыйынтыгында компромисстүү жолго барышкан: борбордук шаар Жоржия штаты менен Нью-Инглэнд аймагына кетчү жолдо салынышы керек болгон. 1790-жылы АКШ Конгресси Потомак дарыясында 26 чарчы чакырымды түзгөн шаарды курууга буйрук берген. Шаардын курула турган жерин алгачкы президент Жорж Вашингтон тандаган. Жаңы борбордун аймагын Христофор Колумбдун атынан Колумбия, ал эми борборду президенттин атынан Вашингтон деп аташкан.