Бүгүн, 9-июнь күнү Малайзияга барган кыргыз делегациясы аталган өлкөнүн Лангкави аралына саякатка чыкты. Алгач алар аралдагы Килим дарыясы аркылуу мангры токоюн аралашты. Андан соң маймылдарга, аралдын эн белгиси болгон жапайы бүркүттөргө жем беришти. Ошондой эле кыргыз делегациясы балык фермасында жана жарганаттар байырлаган Гуа үңкүрүндө да болушту.
Лангкавиде жалпы 104 аралча бар, анын 99да эч ким жашабайт.
Айта кетсек, 6-июнда Бишкек шаарынан жөнөп кеткен делегациялык топ кыргыз эстрада жылдыздары Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Калыков, Асел Кадырбекова, “тамашоучулар” Эмил Эсеналиев, Самат Эркинбек уулу жана тажрыйба жыйнап келүү үчүн кеткен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн турат.