Бүгүн, 9-июнда Бишкекте "Назик" бий тобунун түзүлгөнүнүн 15 жылдыгына карата шоу-концерт орун алды. Ыр, күлкү менен коштолуп, бий басымдуулук кылган концерт 3 саатка чукул убакытка созулду. Концерт көрүүгө келген эл шаңдуу бийлерди карап, эрикпей отурду.
"Дүйнөдө улутуна, тилине карабай үч нерсени дайыма түшүнсө болот. Алар: бий, ыр жана күлкү" деп концерттин катышуучулары айткандай, бул кечте аталган үч нерсе тең болду. "Назик" бий тобунун түрдүү курактагы бийчилери түрдүү улуттарга, түрдүү элдерге таандык бийлерди бийлеп беришти. Алардын арасында 6 ай мурун гана аталган бий тобуна келген жаш кыздар, болгон күчүн бийден чыгарган өспүрүмдөр жана көп жылдар бою топто бийлеп келе жаткан тажрыйбалуу бийчилер болушту. Алар кыргыз бийинен тарта Индиянын маданиятына таандык бийлерди, самба, танго жана башка көп бийлерди жогорку деңгээлде бий сүйүүчүлөрүнө тартуу кылышты.
Топтун негиздөөчүсү Назик Исраилованын кош бойлуу экенине карабай жаш окуучулары менен так секирип, чимириле бийлегени көпчүлүктүн купулуна толду. Сөз сүйлөө үчүн чакырылган анын жердештери бий тобунун негиздөөчүсүнө "Ак-Муз айылынын ардактуу атуулу" төш белгисин тагышты. Өзү туулуп-өскөн айылдын ардактуу атуулуна Кыргызстан Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева Ардак грамота тапшырды. Андан соң көрүүчүлөр талыкпай 15 жыл эмгектенип, көп убактысын жаш бийчилерди тарбиялоого арнаган Назик айымга ордуларынан туруп, дүркүрөтө кол чабышты.
Концерттик программанын жүрүшүн тейлеп, алып баруучулук милдетти Эрмек Нурбаев аткарды. Концерттин жүрүшүндө "Дем" театрынын өкүлдөрү кантип сүрөткө туура түшүү керектигин айткан тамашаны аткарып, элдин боорун эзди. Аларга катар "Тамашоу" Лигасынын өкүлдөрү элге күлкү тартуулап, залдагылардын көңүлдөрүн көкөлөтө алышты. Ырчылардан Анжелика, Урмат Усенов, Омар, Султан Садыралиев сыяктуу ырчылар жана башка өнөрпоздор обон созушту.
Бий өнөрүнүн чеберлеринен эл кол чабууларды аяган жок жана сахна көшөгөсү жабылганга чейин эл отурган тараптан жандуу колдоо токтогон жок.