Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны 2010-жылы Ош окуясында курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Андан соң төрага
Асылбек Жээнбеков аталган окуялар боюнча
кайрылуу жасады.
"2010-жылдагы Ош коогалаңына 5 жыл болду. Аны ким уюштурганын жана каржылаганын баарыбыз билебиз. Ошол окуяларда 400гө жакын биздин жарандар курман болушту. Мындай кайгылуу окуялардын болбошуна биз салым кошушубуз керек",- деди төрага.