Өкмөт башчы Бириккен Улуттар Уюмунун "Өнүктүрүү" программасына кыргыз мамлекетинде жүргүзгөн ишмердиги үчүн ыраазычылыгын билдирди. Айрыкча аталган программанын айыл чарбасы, айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш байлыктарын рационалдуу колдонуу жана өлкө жарандарынын жашоо шартын жакшыртуу боюнча ишин баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында кызматташууну кеңейтүү, Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиясын ишке ашыруу, БУУнун Башкы ассамблеясынын Нью-Йоркто өтчү кезектеги жыйынына Кыргыз Республикасынын катышуусу жана Жогорку Кеңешке шайлоолорду өткөрүү жараяны, андагы эл аралык байкоочулардын катышуусу сыяктуу маселелерди талкуулашты.