Алмазбек Атамбаев Ош коогалаңында адамдарды сактоодо эрдик көрсөткөн жарандарды сыйлады (тизме)

Бүгүн, 10-июнда президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылдагы Июнь окуясында адамдарды сактоодо эрдик көрсөткөн жарандарды сыйлады. Жалпысынан 12 жаранга энчилүү кол саат тапшырылды. 

Алар:

1) Курманбек Ахмедов, ал Июнь окуясында 3 жүк ташуучу унаа менен Ала-Бука районунан Ош шаарына тамак-аштарды жеткирген. Артка кайтууда 700 студент кызды Оштон Ала-Бука районуна алып келген. Жолдо баратып "Санпа" ишканасынын жанынан ок алдында калган.

2) Муззафар Исаков, Ош окуясы учурунда Таш-Булак айылынын тургундарына жардам берген. Кийин айыл өкмөтү кызматына шайланган.

3) Назира Мамытова, Жалал-Абад шаарынын борборунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин коопсуздугун камсыздаган. Өзбек үй-бүлөлөрүн кыргыз үй-бүлөлөрүнө киргизип, орус, татар, немис улутундагы жалгыз бой кары адамдарга жардам берген.

4) Абдумалик Султанхожаев, кыргыз, орус, өзбек улутундагы 6 үй-бүлөнү жашырып, ун менен камсыздаган.

5) Николай Шваб, ар улуттагы үй-бүлөлөрдү жашырган.

6) Байгазы Эрматов, 3 күн ичинде ар улуттагы 45 бала жана 12 кишини жашырып, тамак-аш менен камсыздаган.

7) Бактыкан Кубатбекова, үйүндө ар улуттагы 20 адамды жашырып, жардам берген.

8) Караматхан Нышанова, кагылышуу учурунда түнкү нөөмөттү уюштурган.

9) Өмүрбек Акимбаев, өзбек улутундагы 30 адамды 5 күн бою жашырып, тамак-аш менен камсыздаган.

10) Жакшыбай Жороев, Ош шаарынын Черёмушки кичи районундагы имараттын жер төлөсүндө өзбек улутундагы 9 адамды жашырган. Мындан тышкары 20 өзбек жаранына “Достук” чек ара түйүнүнөн өтүүгө жардам берген.

11) Токтокан Турганбаева, өзбек улутундагы 20 үй-бүлөнү коопсуздук, турак жай жана тамак-аш менен камсыздаган.

12) Бахадыр Холматов, массалык кагылышууларды токтотууга активдүү катышкан. Кыргыз улутундагы 100 жаранды өзбек кварталдарынан алып чыгууга жардам берген. Кыргыз кварталдарынан чыгарылган өзбек улутундагы 500 жаранды кабыл алып, аларга жардам берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан