Ош шаарына борбордук көпүрөнү курууга мэрия 100 миллион сом бөлдү

Бүгүн, 22-февралда Ош шаардык мэриясында жыйын болуп, мэрдин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов 2013-жылда аткарыла турган иштер боюнча сөз сүйлөдү. Мырзакматов быйылкы жылга пландалган эң негизги иштердин бири - шаарга борбордук көпүрөнү курууга шаардык бюджеттен 100 миллион сом бөлгөнүн айтты. Айта кетсек, көпүрө борбордук базардын жанына курула тургандыктан, курулушка тоскоолдук жараткан базардагы имараттардын тизмесин тактоону шаар башчысы Каржы полициясына жана Ош шаардык сотуна дайындаганы белгилүү болду.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан