“Ата Мекен” партиясы Бишкектеги 4 райондун активисттери менен биргеликте партиялык конференция өткөрдү

"Ата Мекен” партиясы Бишкек шаарындагы Октябрь, Свердлов, Ленин, Биринчи Май районунун 900гө жакын активисттери менен биргеликте партиялык конференция өткөрдү. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

“Ата Мекен” мындай жолугушууларды буга чейин өлкөнүн элет жерлеринде дагы өткөргөн. Аталган конференцияга ЖКнын “Ата Мекен” фракциясынан депутаттары Наталья Никитенко, Райкан Төлөгөнов, социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев катышты. Жыйында “Ата Мекен” партиясынын ушул күнгө чейин басып өткөн жолу, анын жетишкендиктери жана алдыга коюлган олуттуу пландары менен тааныштырган кинотасма көрсөтүлдү. Андан соң Бишкек шаардык конференциясындагы делегаттарды тандоо өткөрүлдү. “Ата Мекендин” райондук кеңешинин жаңы мүчөлөрүн тандоо да ийгиликтүү өттү.

Жыйында райондогу партиялык коомдордун төрагалары, шаардык кеңештин депутаттары аткарылган жумуштар боюнча маалымат беришти. Ал эми конференциянын катышуучулары тарабынан шаардагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү багытындагы суроо-талап, сунуштар айтылды. Иш-чаранын соңунда “Ата Мекен” фракциясынын түптөлүшүнө, биримдигине, демократиянын орнотулушуна, партиянын өнүгүүсүнө салым кошкон 4 райондун активисттерине "Ата Мекен" социалисттик партиясынын Ардак грамоталары ыйгарылды. 

Эске салсак, "Ата Мекен" партиясына мүчө болгондордун саны күн сайын өсүүдө. Эми жакын арада Бишкек шаардык конференциясы жана облустук, шаардык, республикалык деңгээлде өткөрүлүшү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан