"Урматтуу мекендештерим!
Мезгил баарын жеңет эмеспи. Убакыт өткөн сайын көп нерселердин бети ачылууда. Июнь окуясынын чыгышына кимдер кызыкдар болгон? Ким кыргыз жерин бөлүп-жарып, байлык үчүн, кайра бийликке келиш үчүн жаштарды кайраштырган? Ким кыргыз элине күч көрсөтүп, сепаратисттик арам ойлорун ишке ашырууну көздөгөн? Ким элдин каарынан коркуп, өлкөдөн чыга качты? Ким баш аламандыктан пайдаланып, башкалардын менчигин басып алгысы келген? Мунун баарын бүгүн калайык журтубуз жакшы билет.
Июнь окуясын уюштургандар өз өлкөсүнө, өз элине чыккынчылык кылышты. Тилекке каршы, адилет соттон качкан башкы күнөөкөрлөр өз Ата Мекенинен безип, бөтөн жерде жүрүшөт. Бирок кайда болушпасын, аларды элдин каргышы тынч уктатпайт. Элибиз айткандай, кан коё бербейт! Аларды жазалоо – биздин журт алдындагы милдетибиз.
Апрель революциясынан кийин этностор ортосундагы кагылышууну пайдалануу үчүн алгачкы аракеттер Бишкектин четиндеги Маевка айылында болду. 4 адам набыт болуп, 40ка чукул адам жаракат алды, 11 үй өрттөлдү, бирок бул чагымчыл аракет узаган жок. Жамаатташ айылдарда жашаган кыргыздар жана башка этностордун өкүлдөрү ушундай шартта жабыр тарткан түрк-месхеттерди колдоп, кагылышууну токтотууга көмөк кылышты.
Ал эми Июнь трагедиясынын отун сырткы күчтөрдүн тукуруусу менен ички бузуку күчтөр тутандырышты. Сепаратисттердин ана башчылары кыргыз өлкөсүнүн жаңы бийлигине өз эркин таңуулап, күч көрсөткүсү келди. Элдик революциянын эпкини менен кулаган мурдагы режимдин өкүлдөрү да өлкөнү бөлүп-жаруу менен болсо да бийликке кайра келүүнү самашты. Алар бул жолкусунда Чүй өрөөнүндө жеңилип калгандарын эске алышты.
Бузукулар кыргыз жана өзбек коомчулуктарынын ортосунда ондогон жылдар бою топтолуп келаткан карама-каршылыктарды гана эмес, атайын кызматтардын эң булганыч ыкмаларын колдонуу менен кырдаалды курчутушуп, эл ичин дүрбөлөңгө салышты. Тилекке каршы, кагылышуу башталганда адамдар чагымчыларга алданышып, кызыкдар күчтөр таркаткан имиштерге ишеништи. Адам курмандыктарынын жана кыйроолордун масштабдары биздин мамлекетибиздин келечегине олуттуу коркунуч жаралганын күбөлөндүрүп турду. Бирок боордош эки этносту кагыштырган күчтөр кыргыз мамлекетинин элинин кеменгерлигин эске алышкан жок. Өлкөбүз этностор аралык кагылышууну саналуу күндөрдө токтотуп, андан соң тынчтык турмушту калыбына келтирүүнүн жана туруктуу өнүгүү жолуна түшүүнүн уникалдуу үлгүсүн көрсөттү.
5 жыл өткөн соң, башка өлкөлөрдөгү, анын ичинде Европадагы ушул сыяктуу окуяларды салыштыруу менен кыргыз өлкөсүнүн элинин кеменгерлигин жана өзү тандаган жолдон кайтпаган кашкөйлүгүн жогору баалайбыз. Элибиз кандуу кагылышты өзү токтотту. Тынчтыкты калыбына келтирип, бизди кыйгап өтпөчүдөй сезилген гуманитардык катастрофага жол берген жок.
Чагымчылардын айынан катаал күнгө туш болгон карапайым жарандар бири-бирине жан тартып, коргоп калган учурлар көп болду. Кыргыздар өз үйүндө өзбектерди жашырган, ал эми өзбектер кыргыздарга жардам берген мисалдар бар. Ал эми эки элдин өкүлдөрү чогуу жашаган бир катар көчөлөрдө кагылышуу такыр эле болгон эмес. Бул адамдар өз өмүрлөрүн тобокелге салышты, бирок кандай кырдаалда болбосун адам бойдон калса болорун, бири-бирине болгон ишеним жана сый мамиле элдин тынчтыкта жашоосунун негизи экенин далилдешти.
Жабыркагандарга элибиз жапырт жардам берди. Бул максаттарга республикалык бюджеттен эле кошумча түрдө 6 миллиард сом бөлүндү. Өлкөнүн бардык аймактарынан миңдеген карапайым жарандар күн сайын гуманитардык жардам чогултуп, Ошко жана Жалал-Абадга жөнөтүп жатышты. Эл аралык коомчулук мурда болуп көрбөгөндөй жардам берди.
Талкалангандарды кайра калыбына келтирдик, бирок трагедиянын оор кесепеттерин жоюу боюнча татаал жана оор иштер бүгүн да уланып жатат. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы элибиздин биримдигин бекемдеп, калктар арасындагы өз ара ишенимди калыбына келтирүүгө багытталган. Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу этностор аралык мамилелер үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзүлдү.
Адамдардын аң-сезими, коомдогу кырдаал өзгөрүүдө. Эзелтен калган «ырыс алды - ынтымак» деген эл макалынын тереңдигин, анык маанисин көпчүлүк эми жеткилең түшүнө баштады. Кыргыз тили мамлекеттик тил катары элдерди бириктирип, этностор аралык тилге айланып баратат. Ош шаарында жашаган өзбек калкынын көпчүлүгүнүн кыргыз тилинде сүйлөй баштаганы улуттар ортосундагы мамиленин жакшыруусуна жол ачууда.
Ушундан улам бүгүн этникалык азчылыкты түзүшкөн калктар туш болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүгө да башкача мамиле калыптанууда. Эгерде мурда “ар түрдүүлүк” биринчи деп көптөрү ишендирип келишсе, эми бардык жарандарды өз өлкөсүн – кыргыз жерин сүйүп, мамлекеттик символдорду, тилибизди, тарыхыбызды жана маданиятыбызды сыйлоого тарбиялоо биринчи кезектеги милдет экени түшүнүктүү боло баштады.
Кыргыз өлкөсүнүн тарыхын кеңири жайылтуу боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар эл биримдигин бекемдөө зарылчылыгын баамдап, түшүнүүгө өбөлгө болууда. Анткени биздин ата-баларыбыздын мекени гүлдөп-өнүккөн белгилүү доорлор кыргыздар башка этностор менен чогуу жашап, өз мамлекеттүүлүгүн курган заманга туш келет. Ал - Улуу Кыргыз каганаты, Караханиддер заманы жана советтик өнүгүү мезгили.
Бирок Июнь окуясынын себептерин жана тереңдеги тамырларын жоюудагы жетишкендиктер менен бирге катачылыктар жана кемчиликтер да бар.
Укук коргоо органдарынын ишиндеги аша чапкандыктар жана адам укуктарын бузуулар токтой элек. Бир катар объективдүү жана субъективдүү себептерден улам этностук азчылыктардын өкүлдөрүн мамлекеттик кызматка тартуунун системи али күнгө чейин иштелип чыга элек. Ушунун баары адамдардын ортосундагы өз ара ишенимди калыбына келтирүүгө жолтоо болууда. Жергебизде өздөрүн чоочун сезгендер да жок эмес.
Өлкө биримдигин, туруктуулукту камсыз кылуу жоопкерчилиги биринчи кезекте кыргыздарга жүктөлгөн. Кыргыздар эзелтен өткөнгө салават айтып, келечекке илгери үмүт, таза ниет менен караган эл. Ошондуктан өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшү жана мамлекетибиздин бекемдиги үчүн кыргыздар ар улуттун элинин башын бириктирген өзөк болушу керек.
Кыргыз мамлекети биздин өлкөбүз экенин жана анын тагдыры үчүн баарыбыз жооптуу экенибизди ар бир жаран билүүгө тийиш. Биздин саясий көз карашыбыз ар кандай болушу мүмкүн, бирок элдин ынтымагы, өлкөнүн биримдиги, мамлекеттин бүтүндүгү баарынан жогору турат. Ошондуктан алдыда боло турган парламенттик шайлоо кыргыз мамлекетин бөлүп-жарбай, элдин биримдигин бекемдөөгө тийиш.
Тилекке каршы, бийликке жетүү үчүн элдин башын айландырып, журт ичиндеги тынчтыкты бузгусу келгендер бүгүн да аз эмес. Бирок кыргыз жериндеги тынчтыкты жана бакубатчылыкты өзүбүздөн башка эч ким камсыз кыла албайт. Өлкөнүн жана элдин биримдиги ар бир адамдан, үйдөн, көчөдөн, ар бир айылдан жана шаардан башталат.
Биздин бир гана Ата Мекенибиз бар. Ал – Кыргыз Республикасы. Бабалардан мураска калган сүйүктүү кыргыз жерибиздин келечеги үчүн ынтымагыбызды арттырып, биримдигибизди бекемдейли.
Кыргыз эли ушул күнгө чейин башынан кечирген оор сыноолорду унутууга эч кимдин акысы жок. Июнь окуялары баарыбыз үчүн чоң сабак болууга тийиш.
Биздин башкы байлыгыбыз – эл достугу, ынтымак жана биримдик. Күчтүү жана эркин Кыргыз мамлекетин чогуу куралы! Кыргыз Республикасынын келечеги кең болсун!”