Ош шаарында жазгы тазалоо иштери боюнча сынак жарыяланат
Жаз алды менен Ош шаарынын тазалыгы үчүн шаардагы мекеме, ишканалар арасында сынак жарыяланат. Бул тууралуу шаардык мэриянын бүгүнкү, 22-февралдагы жыйынында белгилүү болду. Шаар башчысынын милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов шаарды жазгы тазалоо сынагынын байге фондуна 1 миллион сом бөлүнөрүн айтты. Мындан сырткары
Ак-Буура дарыясынын жээгин жана Сулайман-Тоонун айланасын тазалоого катышкан
жаштар үчүн шаардык бюджеттен 200 миң сом бөлүнгөнү айтылды.