"2010-жылдын 10-июнунда болгон каргашалуу окуядан бери 5 жыл өттү. Ал эми президенттин жарлыгы менен 10-июнь 2010-жылдагы окуяны эскерүү күнү катары белгиленген. Ага улай Жогорку Кеңеш ар жылдын 10-16-июнь аралыгын "Улуттар ынтымагынын жумалыгы" катары жарыялоо жөнүндө токтом кабыл алды. Бул илимий-практикалык конференциянын мына ошол иш-чаралардын алкагында өткөрүлүп жатканы – жакшы жөрөлгө. Биз бул окуяны кылдат жана терең талдап, туура жыйынтык чыгарып, андан сабак алууга тийишпиз.
Мына ушул мезгил аралыгында мамлекеттик бийлик тарабынан өлкө жарандарынын өз ара алакасын арттыруу, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, калктын саясий маданиятын көтөрүү жаатында көптөгөн алгылыктуу иштер жасалды. Анын ичинде Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы өз ишин дал ушу окуянын келип чыгуу себептери менен кесепеттерин иликтөөдөн баштаганын жакшы билесиздер.
Эң башкысы, өлкөдө коомдук-саясий кырдаалды турукташтырууга жетиштик, бирок башы ачылбай келаткан маселелер да бар. Ошондуктан бүгүнкү иш-чаранын жүрүшүндө кеңири талкуулана турган, андан сабак ала турган көйгөйлөр да жок эмес.
Апрель элдик революциясына улай бул коогалаңдын келип чыгуу себептери негизинен белгилүү. Мурдагы авторитардык бийликти алмаштырууда көптөгөн жарандарыбыз курман болуп, алардын кайгысы басыла элек кез эле. Мурдагы бийлик калдыктары менен катуу кармашып жаткан, көптөгөн ички жана тышкы күчтөр өз ара тирешип турган учурда, мамлекеттин утурумдук алсыздыгынан пайдаланган реваншисттик жана сепаратисттик күчтөр коомдун талуу жеринен кармап, бийлик тизгинин алып, өз мүдөөлөрүнө жеткиси келген.
Кыргыз мамлекетинин соңку тарыхындагы эң каргашалуу окуя учурунда көптөгөн адам набыт болду, көптөгөн кишинин денесинде так, жүрөгүндө зак калды. Мына кылымдар бою бир аймакта жуурулуша бирге жашап келаткан эки улут өкүлдөрүнүн ортосуна от жагып, жүрөгүнө жик салган кара ниеттик жосундун кесепети. Албетте, ага саясий жана юридикалык баа берилди, мыкаачылык кылмыштын түздөн-түз күнөөкөрлөрүнүн көбү жазаланды. Биз аны эстен чыгарбай, сабак алууга тийишпиз.
Мен өзүм да ошол маалда көпчүлүк менен аралаш жүрдүм, бейкүнөө адамдардын каны кантип төгүлгөнүнө күбө болдум. Кыргыздарды өлүмдөн сактап калган өзбектер, өзбектерди курмандыктан куткарып калган кыргыздар көп болду. Бул алааматка карапайым адамдардын тиешеси жок экенине дагы бир ирет ынандым. Жакындарынан айрылгандардын баары тең мындай жаңжалдын кереги жок экенин айтат, Жараткандан эл ичинде ынтамак менен ырашкерликтин болушун тилейт.
Мына ушундай кырдаалда эл элдигин көрсөтүп, курчуп бараткан абалды туура баамдоо менен аны 4-5 күндүн ичинде токтото алды. Болбосо, дүйнөнүн ар тарабындагы ушул сындуу кандуу кагылыштардын жылдан-жылга созулуп, андан бетер ырбап, коңшу өлкөлөргө чейин жайылтылып жатканына күбө болуп турабыз. Ага азыр мисалдар арбын.
Биз кандай кезең болбосун, кара санатай күчтөрдүн жетегинде калбай, мамлекетибиздин коопсуздугу менен калкыбыздын ынтымагын сактап калышыбыз керек. Өлкөдө туруктуулук болбосо, өлкөнү өнүктүрө албайбыз, калк турмушун жакшырта албайбыз. Ушул нерсени эстен чыгарбайлы.
Кандуу кагылыш айрым чагымчыл сепаратисттик күчтөрдүн козутуусунан, мурдагы бийлик башындагылардын текеберлигинен, алардын калктын айрым катмарын шыкактоосунан улам келип чыкканы көрүнүп турат. Ошон үчүн эки жолу революция болду. Алар азыр деле тим жаткан жери жок, ыңгайы келгенде калк арасын кайрадан козутуу аракетин көрүүдө. Биз андай жосундарга жол бербей, келечекке карап иш кылууга тийишпиз.
Азыр андан сырткары да коомдук-саясий абалды курчутуу аркылуу өздөрүнүн жеке мүдөөлөрүн көздөгөн көрүнөө да, көмүскө да, ички дагы, тышкы дагы күчтөр жок эмес. Алардын башында журт тынччылыгынан өз кызыкчылыгын жогору койгон саясий шылуундар менен журт бузарлар турат. Алар эгемен кыргыз мамлекети өзү тандап алган жолдо өнүгүшүн, өз алдынча саясат жүргүзүүсүн каалабайт.
2010-жылдагы коогалаңдуу окуялардан кийин эл биримдиги менен журт бүтүндүгү канчалык аяр мамилени талап кыла тургандыгына дагы бир ирет ынандык. Баарыдан мурда жалпы эл биримдигине, улуттар аралык мамиленин жакшыруусуна өзгөчө маани берилүүгө тийиш. Биздин эң талылуу жерибиз да, эң аялуу нерсебиз да ушунда турат. Муну биздин жаш мамлекеттин душмандары да жакшы билишет, бизди дал ушул жерден чалгысы келишет.
Мамлекеттин коопсуздугун, калк арасындагы ынтымакты сактоо жеке мамлекеттин эле иши эмес, ал үчүн жалпы коомчулук жоопкер, ар жарандын атуулдук милдети болуп саналат. Мен бардык мекендештеримди жарандык кыраакылыкка, улуттук биримдикке, саясий туруктуулукту сактоого чакырам. Бул багытта бирдиктүү аракет зарыл. Ансыз алга карай арымдуу кадам таштай албайбыз.
Мына, 2010-жылдагы Июнь окуясынан бери 5 жыл өттү. Көптөгөн адамдар курман болушту, көптөгөн бала-бакыра жетим калды, көбүнүн турмушу бузулду. Ошентсе да "жамандыкты амандык гана жеңет" дегендей, жашоо-турмуш уланат экен. Аларга мамлекет тарабынан бир катар иштиктүү чаралар көрүлүп, жардам берилди.
Биз бири-бирибизге аяр мамиле жасап, бири-бирибизге күйүмдүү, түтүмдүү, карамдуу бололу. Сабырдуулук менен ынтымакты туу тутуп, илгери үмүт менен алга карай жылалы. Ошондо турмуш оңолот".