Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "ата журтчу" депутаттар боюнча соттук отурум уланууда. Депутат Садыр Жапаров сотко күбө катары чакырылган КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаевге “Кумтөр” боюнча 15 мүнөттүк материал берсем, теле аркылуу бере аласызбы?” деген суроо берди. Оторбаев эгерде ал материал “Кумтөргө” тиешелүү болсо, сөзсүз түрдө эфирден көрсөтүлө турганын айтты. Мындан соң “бүгүн иним ал материалды сиздерге алып барып берет. Ал жерде "Кумтөрдүн" экологиянын бузулушуна тийгизген таасири сыяктуу орчундуу маалыматтар камтылган” деди Жапаров.