Бүгүн, 10-июнда премьер-министр Темир Сариев маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Темир Сариев өлкөдөгү маданият тармагындагы абал, театралдык искусствонун көйгөйлөрү жана 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туризмди өнүктүрүү боюнча программасынын долбоору боюнча министрдин маалыматын укту.
Сариев өлкөдөгү театр, музей, китепкана, маданий үйлөрдүн абалын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи. “Учурда аймактардагы маданий жайлардын көпчүлүгү начар абалда. Имараттар оңдоону талап кылат. Театрлардын имараттары ижарага берилип, андагы чыгармачылык экинчи планга түшүп калды. Ошондуктан бул маселени тезинен чечип, иштиктүү сунуштардын негизинде иш алып баруу зарыл”,- деди ал. Ошондой эле театрлардын жетекчилеринин кадрдык курамы боюнча маселеге көңүл буруу керектигин кошумчалады.
Өкмөт башчы маданий мекемелердин жамааттарынын чыгармачыл потенциалын көтөрүү менен көрөрмандардын талабына жооп берчү долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи. Андан сырткары Бишкек шаарындагы ижарага берилген айрым кинотеатрлардын имараттарын оңдоо иштерине көңүл бурулбай жатканы тууралуу даттануулар түшүп жатканын айтып, муну текшерип чыгууну тапшырды. Аны менен катар туризмди өнүктүрүүгө жетиштүү көңүл бурулбай жатканына токтолду. “Кыргыз мамлекетине туристтерди тартуу үчүн табигый байлыктарыбыз менен катар маданий мурасыбызды жакшылап көрсөтүү керек. Өлкөбүздөгү туристтик жайлар боюнча тарыхый маалыматтар берилбейт. Маселен, Ысык-Көл, Токмоктогу Бурана, Өзгөндөгү мунара тууралуу жетишинче маалымат берилбейт. Биз аталган тарыхый жайлар тууралуу маалыматтарды илимий жактан негиздеп, чет өлкөлүк жана ички туристтерге айтып беришибиз керек",- деди Сариев.
Өлкөдөгү музейлердеги маалыматтык базаны электрондук форматка өткөрүү, айыл жергесиндеги Маданият үйлөрүнүн, китепканалардын абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Жыйынтыгында министр Максүтовго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылга чейин маданиятты өнүктүрүү программасын бекитүүнү тездетүү жана бир катар программалар боюнча тапшырма берди.