Жантөрө Сатыбалдиев: "Кесиптердин эң ыйыгы - мекенди коргоо"

Бүгүн, 22-февралда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев КРнын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлерин жана ардагерлерин 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады. 

"Урматтуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлери жана ардагерлер! 

Бүгүн биз улутубуздун сыймыктуу аскерлеринин күнүн белгилеп олтурабыз. Бул күн баарыбыз үчүн ыйык. Анткени бул күн –  чыныгы атуулдардын,  мекенин сүйгөн эр - азаматтардын,  даңктуу уулдардын күнү.

Ата Мекенди коргоо ар бир инсандын ыйык бурчу. Кыргызстандыктар үчүн ыйык күндө мен өкмөттүн атынан жана жеке өзүмдүн атыман мекенибизди коргоп, элибиздин бейкутчулугун, тынчтыгын сактап, эл – жерине болгон  бийик сүйүүсү, атуулдук ар-намысы менен кызмат өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлерин  жана ардактуу ардагерлерибизди Ата Мекенди коргоочулардын Күнү менен кызуу куттуктаймын!", - деп башталган куттуктоодо Куралдуу күчтөрдүн аскерлеринин коомдогу орду белгиленип, аскерлерге бекем ден-соолук, бакубат турмуш кааланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан