
* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы улуттар аралык кагылыш күчөп кеткендиктен, түнкү саат экиде Ош, Өзгөн шаарларында жана Араван менен Кара-Суу райондорунда өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат киргизилген. Ошол эле күнү саат 04:00дө шаардагы "Фрунзе" базарына жакын жерде өрт, мародёрлук башталган.

* Мындан 105 жыл мурун, 1910-жылы аквалангды ойлоп тапкан француз океанографы
Жак Ив Кусто Франциянын Бордо шаарында туулуп, 1997-жылы 25-июнда 87 жашында Парижде көз жумган.
Ислам динин кабыл алган көрүнүктүү окумуштуулардын бири Жак Ив Кусто Атлантика океаны менен Жер Ортолук деңизинин кошулган жеринде таза суу менен туздуу сууну бөлүп турган бир сызык бар экенин байкайт. "Канча жылдан бери бири-бирине тийишип турган бул суулар эчак аралашып кетиши керек эле" деп таң калган. Биринин температурасы төмөн, бириники жогору, биринин даамы жок, бири туздуу. Мындай кубулушту химия, физика сыяктуу бир дагы илим түшүндүрүп бере албаганын түшүнгөн Кусто ага чейин ислам динин кабыл алган досуна барып айтса, ал бул нерсе 1400 жыл мурун жазылган Курандын аятында бар экенин айткан. Жак Кусто ишенбей Курандын котормосун толук окуп чыгып, "азыркы илимден 1400 жыл алдыга кеткен бул китепти адам баласы жазган эмес, бул Алланын сөздөрү" деп ислам динин кабыл алганы айтылып келет.

* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы түштүк кореялык актриса
Чхве Чжи У Түштүк Кореянын Пхаджу шаарында төрөлгөн. Актриса “Кыш сонатасы”, “Чындык”, “Аэропорт”, "Бейишке карай тепкич" сыяктуу 15тен ашык сериалга жана “Азыр жана түбөлүк”, “Ар биринин сыры бар”, “Жашырынууга жай жок” ж.б. 10го жакын тасмага тартылган. 2009-жылы “Актрисалар” тасмасында өзүнө арналып жазылган сценарий боюнча роль жараткан.
Чхве Чжи У “Эң популярдуу актриса” (Бэксан фестивалы, 2004-жыл), KBS жана SBS телеканалдарынын 2001, 2002, 2003-жылдарынын эң жогорку наамдарын алган.

* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы Орусиянын Свердлов облусунун Серов шаарынын аэродромунан учуп чыккан Ан-2 Р учагы дайынсыз жоголуп, 1 жылдан соң гана саздан табылган. Иликтөөлөрдө мас болуп калган учкуч 12 кишини алып учуп чыгып, кырсыкка учурап, учактагылардын баары каза болгондугу билинген.